Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Гаитиге "Маршалл планы" керек

Эларалык валюта корунун жетекчиси Доминик Стросс-Кан Гаитиге жардам көргөзүү үчүн көп тараптуу план иштеп чыгууга үндөдү. Ал долбоор Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Европаны кайра курууга багытталган “Маршалл планы” өңдүү болууга тийиш. Стросс-Кандын айтымында, азык-түлүк жана күйүүчү май бааларынын кризиси, ураган, жер титирөөлөр өңдүү табигый кырсыктардан жапа чегип келаткан Гаити масштабдуу иш-чараларга муктаж. 12-январь күнкү зилзала болжолу менен 200 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Борбор шаар Порт-о-Пренс урандыларга айланды. Эларалык валюта кору жана Дүйнөлүк Банк Гаитини эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кошкон.
XS
SM
MD
LG