Казакстандык фильм Оскар сыйлыгына талапкерлердин тизмесине илинүү үчүн күрөшмөкчү. Чет тилдеги фильм деген категорияга адегенде 65 тасма көргөзүлүп, экинчи айлампага тогузу гана өттү. Алардын арасында казакстандык режиссер Эрмек Турсуновдун "Келин" деген фильми да бар. Эми 9 фильмдин арасынан бешөө гана тандалып, Америка Киноакадемиясынын жогорку сыйлыгы үчүн ат салышат. Оскарды тапшыруу аземи быйыл Голливудда 7-мартта өтмөкчү.