Ушу тапта СДПнын, Ата-Мекен, Тынчтык партиясынын, ревкыймылдын мүчөлөрү жалпысынан 5 адам ачкачылык акциясын улантышууда. Токмоктон 2 киши, Чаткалдан дагы колдоочулардын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу И.Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, ачкачылык жарыялаган Роза Башкулованын саламаттыгы жакшы эмес. Алайдан алынган маалымат боюнча Сопу-коргондо 9 адам дагы ачкачылык акциясын улантууда. Ал эми ачкачылык жарялагандарга көз салып турган дарыгер Ташболот Балтабаевдин айтымында, бейтапканадан эки-үч жолу дарыгерлер келгени менен саламаттык сактоо министрлигинен, расмий бийликтен ачкачылык акциясына чыккандарга көңүл бурушкан жок.
13-январда Бишкекте Социал-демократтар партиясынын баш кеңсесинде И.Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев менен Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков баш болгон жалпысынан тогуз адам мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганына нааразылык билдирип, ачкачылык акциясын башташкан болчу. (AJ)