Конституциялык соттун судьялары Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маалымат берген Адилет министри Курмантай Абдиевге жаңыдан түзүлүүчү президенттик кеңешме кеңешүүчү орган болгону менен мамлекеттик орган катары президенттикке талапкерди сунуштай алабы? Алардын чечими кандай болот?- деген жана башка бир катар суроолорду жолдошуп, Баш мыйзамга ылайык элдин атынан президент жана Жогорку Кеңеш гана жооп берерин белгилешти.
Жогорку Кеңештин өткөн жылдын 17-декабрдагы отурумунда президенттин демилгеси менен сунушталган “КР Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун “Конституциялык сотко корутунду үчүн жөнөтүү жөнүндө” токтомдун долбоорун талкуулап, кабыл алып Консотко жолдошкон. (AJ)