Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

СДП фракциясы салык декларациясына каршы


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда СДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө ” мыйзамдын долбоору кабыл аланышы менен жарандар кирешелерин ачыкка чыгарбайт, тескерисинче атуулдардын укуктары тебеленет. Ал эми “Ак жол” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев болсо аталган мыйзам долбоору өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салымын кошуп, пайда алып келерин белгиледи.
Парламентте “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору тууралуу экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиев баяндама жасады. (AJ)

XS
SM
MD
LG