Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

И.Кадырбеков 6 жылга шарттуу кесилди


Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековду 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан өкүмүн 30-декабарда чыгарды. Бул тууралуу И.Кадырбеков өзү “Азаттыкка” тастыктады. Ал жогорку сот инстанцияларына кайрылар, кайрылбастыгы тууралуу айтуудан баш тартты.

Ишенбай Кадырбековго Каржы полициясы 2008-жылдын 25-апрелинде кылмыш ишин козгоп, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде бир катар кылмыш беренелери боюнча күнөө коюп камакка алган. Ленин райондук соту 2009-жылы 14-апрелде аны камактан бошотуп, үй камагына алуу чечимин чыгарган.

2005-жылдын 24-мартындагы окуядан соң Жогорку Кеңеште да баш аламандык өкүм сүрүп, Мыйзам чыгаруу жыйынында ошол кездегеи төрага Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Ишенбай Кадырбеков шайланган. Ошол учурдагы Конституцияга ылайык, президент жок болсо анын милдетин өкмөт башчы аткарыш керек эле. Бирок А.Акаев менен Н.Танаев экөө тең өлкөдөн чыгып кеткендиктен жаңы шайланган төрага Ишенбай Кадырбеков бир күнгө жетпеген убакыт президенттин милдетин аткарып калган. Кийин ал көп өтпөй биринчи вице-премьер менен унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2005-жылдын октябрынан 2008-жылдын январына чейин архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктти жетектеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG