Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Кытай экономикасы өткөн жылы 8,7%га өскөн


Бул тууралуу Кытай тарап өзү билдирди. Муну менен Кытай коңшу Жапонияны басып өтүп, дүйнөнүн АКШдан кийинки экинчи ири экономикасына айланууда. Өлкөнүн Статистика боюнча Улуттук бюросу бүгүн маалымдагандай, 2009 –жылдын соңку чейрегинде Улуттук дүң өндүрүштүн 10,7%га жогорулоосу Кытай экономикасы глобалдык кризистен соң оңолуу жолуна түшкөнүн көргөздү. Кризистен улам Кытайда да өкмөт экономиканы стимулдаштыруу үчүн эбейгесиз өлчөмдөгү каражатты жумшаган. Соңку маалыматтар Кытайда инфляция да өскөнүн ишара кылууда. Өткөн айда эл керектөөчү товарлардын баасы 1,9%га кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG