И.Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүнө караганда, 13-январдан бери ачкачылык кармагандардын жалпы саны кыркка жетти. Бүгүнкү күнү Алайда тогуз киши, Бишкекте беш киши Исмаил Исаковду абактан бошотуу, саясий куугунтуктарды токтотуу талаптары менен ачкачылык акциясын улантууда. (AiT)