Парламент отурумунда Коммунисттер фракциясынан депутат Бейшебек Акунов Ысык-Көлдүн жээгиндеги Казакстандын президенти эс алуучу бешинчи резиденция эмне себептен көлдөгү жерди ижарага берүү боюнча кыргыз-казак өкмөттөр ортосундагы келишимге киргизилбегенин министр Т.Турдумамбетовдон сурады. Мамлекеттик мүлк министри бул суроону тактап туруп анан жооп берерин айтты.
Депутат Бейшебек Акунов ошондой эле көл жээгиндеги казак президентинин резиденциясы кийинчирээк чатактын бардышы чыга турган маселе болорун белгилеп, “өзбек тарапка да Ысык-Көлдөгү санаторийлер казактарга берилгендей берилеби?”-деди. Мамлекеттик мүлк министри бул маселеге да жооп бере албастыгын билдирди. (AJ)