Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

И.Арабаев окуу жайында илим жана билим берүү фестивалы өтөт


23-январда саат 09:00до И. Арабаев атындагы КМУда илим жана билим берүүнүн фестивалы өтөт. Аталган иш-чара илим жана билим чөйрөсүндөгү жаштардын илимий-изилдөө, инновациялык жана коомдук ишмердүүлүккө тартууну, окумуштуулардын жана окутуучулардын кесибинин кадыр-баркын жогорулатууну, талантуу жаштарды илимге кызыктырууну көздөйт.

Бул иш-чаранын алкагында И. Арабаев университетинен башка Жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын жана жаш илимпоздордун катышуусу менен илимий-практикалык конференция болот.

Илимий конференциянын салтанаттуу ачылышына билим берүү жана илим министри А.Мусаев, Жогорку Кеңештин депутаты А. Салымбеков, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору А. Бекбоев жана башкалар катышып, сөз сүйлөшөт.

Салтанаттуу ачылыш учурунда республиканын мыкты 20 окутуучуларына жана 20 студенттерине Эларалык «Айкөлдүк» кайрымдуулук фондунун атынан сыйлыктар жана стипендиялар тапшырылат. Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку окуу жайларынын арасындагы «ZEEN» деген аталыштагы илимий-таанымал гезиттин ачылыш аземи болот. Бул тууралуу И. Арабаев атындагы КМУнун басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG