Бүгүн Жогорку Кенеш тарабынан «Кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору кабыл алынды.
Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовдун маалыматына караганда, 2008-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимге ылайык, Ысык-Көл аймагында жайгашкан 4 эс алуу жайы Казакстандын менчиги катары таанылган.
Эс алуу жайларынын жалпы аянты – 58,8 гектар. Ал жер ижарага 49 жыл мөөнөт менен берилген. Буга чейин ижара акысы мыйзамдуу түрдө төлөнбөй келген. Эми мыйзам алкагына киргизилип, азыр ижара акысы 1 коэффициенти менен белгиленип, башкача айтканда 1 гектар жерге жылына 24 миң сомдон ижара акысы төлөнөт. Ал жерге эки жыл аралыгында 3 жана 4 жылдыздуу мейманканалар салынууга тийиш. Эки тараптуу келишимге ылайык, жергиликтүү калк эс алуу жайларына эркин кирип-чыгышат. Анткени, мыйзам боюнча парк-пляж тилкеси жалпы пайдаланылуучу жер болуп саналат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.(AJ)