Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

“Жаштар үнү” басылмасы чыгат


Республикалык жаштар союзу “Жаштар үнү” гезитин чыгарат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында белгилүү болду. Басылма кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрөт. Республикалык жаштар союзунун мүчөсү Уларбек уулу Бекболсундун билдирүүсүндө, бул демилге өлкөдөгү жаштарды маалыматтык жактан колдоо жана мамлекеттин жаштар саясатын алдыга жылдыруу максатында көтөрүлүп жатат. Гезит окуу жайларга, мектептерге, коомдук уюмдарга таратылат. Мындан тышкары жаштар бүгүн «Сорос-Кыргызстан» корунун колдоосунда РСМ kg маалыматтык порталын ишке киргизүү максаттары бар экендигин ачыкташты. (EK)

XS
SM
MD
LG