2010-жылы Татарстандын президенти Минтемир Шаймиевдин Кыргызстанга визит келиши болжолдонууда. Бул тууралуу Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин жылдык отчетунда берген маалыматына таяп билдирди. Маалыматка караганда, М.Шаймиевди Кыргызстандын жетекчилиги чакырган. Болжолдонуп жаткан Татарстандын президентинин Кыргызстанга келүүсү Орусиянын ошол аймагы менен кызматташтык байланышты бекемдей турганы белгиленген. (AJ)