Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Кытай: АКШнын Интернет боюнча айыптоосу алакага зыян тийгизиши мүмкүн


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Интернеттеги эркиндик маселесине арналган маанилүү сөзүндө Кытайды эң ири Интернет компаниялардын бири – Google'га жакында жасалган хакердик чабуулдар боюнча ар тараптуу жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүүгө жана иликтөөнүн жыйынтыгын ачык жарыялоого чакырган эле. Ал хакердик чабуулдардан улам Google Кытайдын кетээрин эскерткен болчу.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү бүгүн мындай айыптоолор “негисиз” жана эки тараптуу алака үчүн “зыяндуу” экенин белгиледи. Ага катар сезимтал маселелерге эки тарап тең “Америка –Кытай алакаларынын жакшы жана туруктуу өнүгүүсүн” коргогудай кылып мамиле жасоосу керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG