Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Түркия Армениядан түшүндүрмө алууну көздөйт


Түрк тышкы иштер министри Ахмет Давутоглынын айтымында, Анкара Еревандан Армениянын Конституциялык сотунун ушул айдын башындагы чечими боюнча түшүндүрмө алууну каалайт. Анткени ал чечим Түркиянын пикиринде, эки өлкөнүн мамилени нормалдаштыруу боюнча тарыхый макулдашууларына каршы.

Былтыр октябрда Түркия менен Армения эки өлкөнүн дээрлик бир кылымга созулган касташуусун жоюуга багытталган доументтерге кол койгон. Бирок андан бери эки тарап кайра бири- бирин жаңы шарттарды киргизүүгө аракеттенгени үчүн айыптап келүүдө. 22-январда эле армян тышкы иштер министри Эдвард Налбандян келишим бузулушу мүмкүн экенин эскертип, жараянга тоскоолдук кылып жатканы үчүн Анкараны күнөөлөдү. Былтыр октябрда кол коюлган эки протокол күчкө кириш үчүн парламенттердин ратификациясы талап кылынат.

XS
SM
MD
LG