Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Сопу-Коргондо 10 киши ачкачылык кармоодо

Бул тууралуу Алай райондук борбору Гүлчөдө жайгашкан И.Исаковду коргоо штабынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, ушул сааттарда Алай районуна Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева баштаган адамдар барып, ачкачылык акциясынын катышуучулары, И.Исаковду коргоо штабдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүшүүдө.

Алайдын Сопу-Коргон айылындагы ачкачылык акциясы 11-январда мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков камакка алынгандан бери жүрүп келатат. Акцияга улам жаңылары кошулуп, улам ден-соолугу начарлап кеткендери чыгып отуруп, орточо 8-14 адам ар дайым ачкачылык кармашууда. (IJz)
XS
SM
MD
LG