Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

“Манас эли” коому түзүлдү


Кыргызстанда “Манас” эли аттуу коом түзүлүп, Бишкек шаарындагы Тарых музейинде бүгүн анын алгачкы салтанаттуу жыйыны болуп өттү. Анын максаты Манасты дүйнөгө даңазалоо, манасчылык өнөрдү өркүндөтүү жана анын кыргыз элинин улуттук символу экендигин жалпы эл аралык коомчулукка сездирүү болмокчу.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытай мамлекети Бириккен улуттардын билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмуна (UNESCO) Манас эпосун баалуу дүйнөлүк мурас катары өз атынан сунуштаганы тууралуу маалымат чыгып, Кыргызстандагы манасчылар, акын-жазуучулар, маданий ишмерлер нааразычылыгын билдиришкен. Алардын айтымында, Манас эпосун даңазалоо, коргоо жана аны эл аралык коомчулукка өз атынан алып чыгууну кыргыз мамлекети жасашы керек.

“Манас эли” коомунун тең төрагасы Асан Жакшылыков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып, кыргыз элинин улуттук баалуу мурастарынын туу чокусу Манас экендигин, аны коргоого жана өнүктүрүүгө мамлекет түздөн-түз милдеттүү экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG