Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Кара-Кулжанын Кызыл-Жар кыштагында тышкы миграция күчөдү


Бул тууурасында аталган райондун акими Айтмамат Осмонов Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин коллегиясында жарыялады. Анын айтышынча, Кызыл-Жар кыштагынан акыркы мезгилде 135 үй-бүлө чет өлкөлөргө көчүп кеткен. Аймак жетекчиси элдин минтип тышты карай агылуусун элет жерине мурдагыдай көңүл бурулбай калгандыгы, ошондой эле миграция комитетинин алгылыктуу иштебей жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Жергиликтүү талдоочулардын баамында, жыл сайын Кыргызстандан кетип жаткандардын саны он миңдеп эсептелет, бирок алардын басымдуулугу мекенине кайтаар түрү жок. Ошондуктан, өкмөт калкты, айрыкча жаштарды айыл-кыштактарда кармап калуу максатында чукул чараларды көрүүсү зарыл. (ATo)

XS
SM
MD
LG