Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:45

Алай менен Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда


Бишкектеги ачкачылык акциясынын катышуучусу Сайракан Муканбетова “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта алты киши акцияны улантышууда. Ал эми Алайдын Сопу-Коргон айылындагы ачкачылык акциясынын катышуучулары оноо.

Кечээ Алайдагы ачкачылык акциясынын катышуучулары жана генерал Исмаил Исаковду коргоо комитеттери менен Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева баштаган адамдар жолугушкан. Алай районунда И.Исаковду коргоо жана саясий куугунтуктарды токтотуу талабы менен түзүлгөн алты штаб иштөөдө.

Бишкек менен Алай районунда ачкачылык акциясы мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков камакка алынгандан кийин башталган. Бишкек шаардык аскердик гарнизондук соту И.Исаковду 11-январда “министрликке тиешелүү батирди уулуна берген” деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG