Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Тарыхый мурастарды коргоо маселеси талкууланат


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 26-январда “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча” атуу мыйзамга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган мыйзам долбоорду талкуулайт. Өкмөттүн алдындагы Маданият агенттигинин директору Султан Раев тарыхый жана маданий мурастардын абалу тууралуу баяндама жасамакчы. Ошондой эле бул жаатагы депутат Алишер Мамасалиев көтөрүп чыккан токтом долбоору каралмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытай мамлекети Бириккен улуттардын билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмуна (UNESCO), Манас эпосун баалуу дүйнөлүк мурас катары өз атынан сунуштаганы тууралуу маалымат чыгып, Кыргызстандагы манасчылар, акын-жазуучулар, маданий ишмерлер нааразычылыгын билдиришкен. Алардын айтымында, Манас эпосун даңазалоо, коргоо жана аны эл аралык коомчулукка өз атынан алып чыгуу боюнча өкмөт алгылыктуу иштебей келатат. Бул маселени айрым депутаттар Жогорку Кеңештин жыйында да көтөрүп чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG