Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Томскиде журналисттин өлүмүнө нааразылык билдирилди


Сибирдеги Томск шаарында жүздөгөн киши Константин Поповдун өлүмү үчүн жергиликтүү тартип коргоочуларга каршы демонстрация өткөрүштү. Попов 4-январда ичип алгандыгы үчүн кармалып, камак жайында аёосуз уруп-сабалат да, эс-учун жоготкон абалында ооруканага жеткирилет. Журналист алган жарааттарынан 20-январда көз жумат. Томскидеги демонстранттар «Көзөмөлсүз милиция бандиттерден да коркунучтуу» деген сыяктуу тартип коргоочуларды айыптаган жазууларды көтөрүп турушту. Поповду сабаган милициячы жана Томск шаарынын милиция башчысы кызматтан алынды. Сабаган тартип коргоочуга каршы кол салуу жана киши өлүмү боюнча айыптар коюлууда.

XS
SM
MD
LG