Кечээ Ал-Жазээра араб теле-каналы аркылуу уктурулган тасмада ал-Каида террордук уюшмасынын жол башчысымын деген киши өткөн айдагы АКШнын Детройт шаарынын үстүндө учакты жардыруу аракетин мактап сүйлөгөн. Ал АКШ Израилди колдогонун токтотпосо, ага каршы дагы кол салуулар болот деп эскерткен. Вашингтондо Ак үйдүн кеңешчиси Дейвид Экселрод СNN сыналгысына тасмадагы үндүн чынында да бин Ладенге тийешелүү экендигин бышыктай албай тургандыгын, бирок анда «бейкүнөө адамдарды массалык кырууга куру чакырык камтылганын» билдирди.