Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

БЭК маалымат жыйынында И.Исаковдун бошотулушун талап кылды


Бүгүн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду жактап Алайда жана Бишкекте ачкачылыкта отургандар чогулуп, маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын жертөлөөсүндө 15 күндөн бери жаткан Исаковду бошотууну талап кылышып, Алай районунда мурдагы коргоо министрин коргоо боюнча 6 комитет түзүлгөнү, ал эми ачкачылык кармагандарга Исаковдун өзүнүн 85 жаштагы апасы Анипа Маматисаеванын кошулганы айтылды. Ошондой эле жыйында Алай районунун бир жарым миңден ашуун тургундары кол коюп, президент К.Бакиевге жолдогон кайрылуусу окулду. Анда Исмаил Исаковду абактан бошотуу талабы коюлуп, саясий куугунтукту токтотуу айтылган. Алайлыктар эгер бул талап аткарылбаса ар кандай нааразылык иш чарасын жакын арада башташарын белгилешкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG