Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Конституциялык соттун корутундусун комитет карайт


Жогорку Кеңештин Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча президент сунуштаган мыйзам долбоорун 26-январда карайт. Бул тууралуу парламенттен бүгүн кабарлашты. Президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорго Конституциялык сот 21-январда корутундусун чыгарып берген. Президенттик долбоордо өткөн жылы октябрь айында орун алган президенттик бийлик системасындагы, өкмөттөгү өзгөрүүлөрдү Конституцияга ылайыкташтыруу каралган.
Комитеттин кароосунан кийин мыйзам долбоордун ушул жумада эле Жогорку Кеңештин кароосуна коюлушу белгиленүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG