Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Багдадда бир нече жардыруудан кеминде 36 киши өлдү


Бүгүн Багдаддын борбордук чөлкөмүндө бир нече жардыруу болуп, кабарларга караганда бери дегенде 24 киши каза тапты, 70тен ашуун адам жараат алды.
Бир бомба "Иштар Шератон" мейманканасынын кире беришинде жарылган өңдөнөт. Экинчиси "Бабилон", үчүнчүсү "Хамра" мейманканасынын алыс эмес жерде жарылды. Аталган мейманканалар жергиликтүү адамдар жана чет өлкөлүк журналисттер арасында өтө популярдуу.
Ирак ички иштер министрлигинин атын атабаган өкүлү 3 жерде тең машинага коюлган бомбалар жарылганын маалымдады. Буга чейин Багдадда эң ири жардыруу 8-декабарда болгон. Кол салуу анда 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG