Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Петровка окуясы боюнча 100гө жакын күбө суралды


Бүгүн Москва райондук сотунда Петровка окуясы боюнча кезектеги отурум болот. Бул күнү күбөлөрдү суроо улантылат. Козголгон кылмыш иши боюнча буга чейин жүзгө жакын күбө суралды. Адвокаттар Петровка окуясы боюнча соттук териштирүү жазга жуук аяктайт деп болжоп жатышат. Алдыда дагы 100дөн ашык күбө суралып, видеодалилдер көрсөтүлүп, айыпталуучулардын билдирүүлөрү угулары белгиленген. Былтыр апрелде катталган Петровка окуясы боюнча “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев жана жергиликтүү эки укук коргоочу камакта отурганына тогуз ай болуп калды. (BuS)

XS
SM
MD
LG