Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Өнүктүрүү корунун Байкоочу кеңешинин курамы бекитилди


Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен “Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү кору жөнүндө” мыйзамдын 22-3-беренесине ылайык, Өнүктүрүү корунун Байкоочу кеңешинин курамы бекитилди.

Байкоочу кеңешинин курамы: Мелис Эшимканов - Өнүктүрүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы, Исхак Масалиев - Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстандын коммунисттер партиясы” депутаттык фракциясынын жетекчиси, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Алмазбек Акматалиев - Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Асылбек Жээнбеков - Жогорку Кеңешинин депутаты, “Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы” депутаттык фракциясынын мүчөсү, Айдар Мамбетов - Жарандык коомду колдоо борбору Ассоциациясынын аткаруучу директору, Калия Молдогазиева - “Өмүр дарагы” адамды өнүктүрүү борборунун директору, Арстанбек Сагындыков - Кыргызстан ишкерлер биримдигинин башкармасынын мүчөсү, Эмил Үмөталиев - “Кыргызконцепт” компаниясынын президенти, Жаңыл Түмөнбаева - “Кыргызстан калкы Ассамблеясы” коомдук бирикмелер Ассамблеясынын төрагасы, Александр Третьяков - “Гуманитардык саясат институту” КБнын эксперти, Жумакадыр Акенеев - Коомдук ордо кеңешинин мүчөсү, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG