Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

А.Князев: Россияда Максим Бакиевге тиешелүү ишканаларга кылмыш иши козголгон


Саясат таануучу Александр Князевдин бүгүн - 26-январда "24.kg" маалымат агенттигиндеги билдирүүсүнө караганда, азыркы мезгилде Россияда президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевге тиешеси бар бир катар объекттердин эсептери камакка алынып, иштери токтотулган. "Алардын ичинде “Алтын” компаниясы да бар. Россияда иштеп жаткан кыргызстандык 18 ишканага кылмыш иши козголду. Бул иштер өтө жогорку деңгээлде - Россиянын Өкмөтү жана президенттик администрациясынын көзөмөлүнө алынып турат. Ошондуктан кыргыз тараптын ишти жөнгөрүү аракеттеринин эч майнап чыкпай келатат, - деди Александр Князев.
Бул маалыматтарга карата "Азаттык" Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигине кайрылганда бул маселеге карата жоопту Президенттин катчылыгынын маалымат кызматы берерин билдиришти. "Азаттык" андан ары Президенттин катчылыгынын жетекчи орун басары Максим Каганерге кайрылганда ал Максим Бакиев жетекчилик кылган Өнүктүрүү агенттигинин иши үчүн жооп бере албастыгын айтты. (AiT)

XS
SM
MD
LG