Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Түштүктө орус аскерий базасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр белгилене элек


Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, өткөн жылы декабрь айында орус делегация Кыргызстанда болуп, анда Кыргызстан түштүгүндө аскердик базага байланыштуу укуктук маселелер талкууланган. Бирок азыркы мезгилде жаңы сүйлөшүүлөр боюнча эч кандай маалымат жок. Саясат таануучу Александр Князев бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында, президент Курманбек Бакиев түштүктө орус аскердик базасын түзүү боюнча демилге көтөрүп жатканын, бирок ал өзбек тараптын каршылыгына туш болгонун билдирип, база маселесин чечүү үчүн алгач Ташкен менен макулдашуу зарыл экенин белгилеген.(AiT)

XS
SM
MD
LG