Каржы министрлигине айлык маяналарды көбөйтүү үчүн каржы булактарын табууну тапшырган өкмөт башчы Данияр Үсонов бардык эле эл аралык уюмдарга мүчө болуп кирүүнүн кажети барбы? –деген суроону койду. Анын айтымында, Кыргызстан 200гө чукул эл аралык уюмдарга мүчө болуп кирип, жылына 800 млн. доллар мүчөлүк акы төлөйт. Ал ошондой эле министрликтердин жана ведмостволордун жетекчилери чет мамлекетке иш сапарга барып келгенден кийин натыйжалуу ишке аша турган долбоор менен келбесе кабыл албастыгын билдирди. (AJ)