Айрым адамдардын кайрылуусунун аркасында Президент тарабынан берилген бир бөлмөлүү батирдин ачкычын жана 20 миң сомду ага шаар башчысы Нариман Түлеев тапшырды. Дүйнөдөгү узун адамдардын бири, Ак-талаа районунун тургуну Жеңиш Райымбаев ден-соолугу начарлап Бишкекте даарыланып жүрөт. Анын ата-энеси уулунун дарылануусуна мамлекет шарт түзүп бергенине ыраазычылык билдиришти. 31 жаштагы Жеңишбек Айылчы уулу Райымбаевдин айтымында, анын бою 2 метр 30 сантиметрден ашык, 57-чоң өлчөмдөгү бут кийим кийет. (AJ)