Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Стамбулда Ооганстан менен чектеш мамлекеттердин лидерлери чогулушту


Алар кантип Ооганстанга тынч жашоону курууга жетишүүгө жардам бере алышаарын талкуулап, президент Хамид Карзай талиптерге каршы жүргүзүп жаткан күрөшүнө колдоо көрсөтүүгө макулдашышты. Жыйынга ооган президенти Хамид Карзай менен Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардари, андан сырткары Ирандын, Кытайдын, Тажикстан менен Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү катышты. Бул жыйын Лондондо Ооганстан боюнча өтчү эларалык конференциянын алдынан уюштурулду. 28-январда Лондонго 60 мамлекеттен өкүл чогулуп, Ооганстандын аскерий, саясий келечегин талкууга алышат.

XS
SM
MD
LG