Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Баткендин Көк-Таш чек ара бөлүгү сынакта биринчи болду


Бул тууралуу Баткендеги 2022-чек ара аскер бөлүгүнүн окуу-тарбиялык иштер боюнча аскер кызматкери Илимбек Жумалиев “Азаттыкка” билдирди. Малыматка караганда, 2009-жылдын жыйынтыгында өлкө боюнча 64 чек ара бөлүктөрүнүн ичинен Көк-Таш чек ара бөлүгү бардык көрсөткүчтөр боюнча озуп чыгып, биринчиликти алган. Бул сынакта жоокерлердин күнүмдүк иштеринен тартып, аскердик даярдыктары, чек араны коргоодогу аракеттери эске алынган. Көк-Таш чек ара бөлүгүнүн чек арачы жоокерлери 2009-жылдын 15-октябрга караган түнү Тажикстан тартаптан куралчан топтун чек араны бузуп кирүүсүн токтотуп, аларга ок чыгарып, топтун кышка камдаган тамак-аш корлорун табышкан болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG