Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Князев президент катчылыгын ынандырбады


Президенттин уулу Максим Бакиевге байланыштуу таратылган маалыматка президенттин катчылыгы ишенген жок:

- Комментарийлөөгө негиз жок, ал эч кандай тастыктоочу документ көрсөтө алган жок. Анын айткандарынын бардыгына кынтыксыз ишенүүгө биздин кесипкөйлүгүбүз жол бербейт, - деди “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып президенттин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Максим Каганер.

Кечээ орусиялык талдоочу Александр Князев "24kg" агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү же үлүшү бар бардык ишканалар жабылып, 18 кылмыш иши ачылды деп билдирди. Мындай ишканалардын катарында “Алтын” холдингин атап, бул иштердин бардыгы Орусия өкмөтү менен президенттик администрациянын көзөмөлүндө турганын айтты.
Максим Бакиев 2009-жылы октябрда Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчиси болуп дайындалган. Ал мамлекеттик бийик даражалуу жетекчилердин бири катары алгачкы расмий сапарын быйыл январдын башында Кытайда баштады. (BuS)

XS
SM
MD
LG