Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

К.Кыдыралиев: "Уюлдук байланыштын кымбаттаганына өкмөттүн тиешеси жок"


Өкмөт алдындагы байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиевдин “Азаттыкка” айтуусунда, уюлдук байланыштын бааларын 1-февралдан тартып кымбаттатуу уюлдук операторлордун өздөрүнүн чечими. Бардык уюлдук операторлор байланыштын акысын 60 тыйынга кымбаттатып жатышат. Ошол эле маалда К.Кыдыралиев агенттик ар бир байланыштын акысын 0,09 центке кымбаттатуу боюнча буйрук чыгарганын, бул акы тармактар аралык траффик үчүн жумшалмакчы болуп атканын кошумчалады. Ал эми уюлдук операторлор байланыш агенттигинин бул чечими бааларды көтөрүүгө алып келээрин айтышууда.

“MegaCom” компаниясынын маалымат кызматынын өкүлү Оксана Бедаштын айтымында, уюлдук байланыштын баасынын кымбатташына тарифтердин көтөрүлүшү менен катар Байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин акыркы чечимдери себепчи болду:

- Агенттиктин мобу буйругу, бул - байланышка болгон баалардын кымбатташына себепчи болгон факторлорунун бири. Негизи мындай чечимди кабыл алуу, рыноктогу бардык кымбаттоолордон да улам болду. Электр энергиясына, кара майга болгон баалар кымбаттап кетти. Бул биздин иштерге түз таасирин тийгизет. Андан тышкары биз менен кызматташкан бардык компаниялар өз кызматтарын көтөрүштү. Ошол эле маалымат каражаттарындагы жарнак баалары, кире акысы, жабдыктарды алып келчү ортомчу ишканалардын акылары да кымбаттап кетти. Албетте биз чыгашага иштей албайбыз.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясы уюлдук байланыш акысынын кымбаттоосун бийлик менен монополист уюлдук компаниялардын жең алдынан сүйлөшүп, элди каратып туруп тоноо аракети деп баалоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG