Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Меркел аскерлерди чыгаруунун так мөөнөтүн атоого каршы


Германия канцлери Ангела Меркел немис аскерлерин Ооганстандан чыгаруунун так мөөнөтүн белгилөө жаңылыш кадам блот деп эсептейт. Бул - талиптерге дем бериши мүмкүн, - деп билдирди Меркел Берлинде ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуудан кийин. Кечээ канцлер Германиянын Ооганстанга дагы 500дөн ашуун жоокерин жиберүү планын жарыялаган. Алар Германиянын 4 миң 300 кишиден турган миссиясын толукташмакчы. Берлин ошондой эле Ооганстандагы кайра куруу иштерине бөлгөн каражатты дээрлик эки эсеге көбөйтүп, 3 жылдын ичинде 650 миллиондо евро ажыратууга убада кылды. Анын аралыгында Словакия да Ооганстанга кошумча 57 аскерин жөнөтүү чечим жөнүндө жарыялады. Эртең Лондондо 60 өлкөнүн катышуусунда Ооганстан боюнча жыйын башталууда. Анда терроризмден жана куралдуу күрөштөн баш тарткан талип согушкерлерин Ооган коомуна интеграциялоо жана өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо вазийпасын жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берүүнүн мөөнөтүн тактоо маселелери каралмакчы.

XS
SM
MD
LG