Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Бүгүн Освенцимдин бошотулганына 65 жыл болду


Польшада Освенцим концлагерин бошотуунун 65 жылдыгы белгиленип жатат. Нацисттердин лагеринде 1,1 миллиондой киши, алардын 90 пайыздайы жөөттөр кырылган. Курман болгондордун көбү газ мештеринде жок кылынган. Эскерүү иш-чараларына аман калгандар менен кошо Израил өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху жана Польшанын жетекчилери катышууда. Освенцим 1945-жылдын 27-январында Советтик армия тарабынан бошотулган. 2005-жылы Улуттар уюму бул датаны Холокостту эскерүү күнү деп жарыялаган. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда нацисттердин колунан 6 миллиондой жөөт каза тапкан.

XS
SM
MD
LG