Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Талибандын мурдагы 5 мүчөсү БУУнун кара тизмесинен чыгарылды


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши талиптердин мурдагы 5 жогорку мүчөсүн Ал-Кайида менен байланышы бар адамдардын кара тизмесинен алып салды. Мындай чара Ооган президенти Хамид Карзайдын козголоңчулар менен сүйлөшүү демилгеси алкагында көрүлүүдө. Санкцияларга туш болгон адамдарга чет өлкөлөргө барууга тыюу салынат жана банк эсептери тоңдурулат. Тизмеден чыгарылгандардын арасында талибан режими маалында министр болуп турган кишилер да бар. Алар кара тизмеге 2001-жылы киргизилген.

XS
SM
MD
LG