Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын акциясын милиция таратты


Бүгүн саат 10:00 УТРКнын алдына “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров “Азаттык” үналгысынын үнүн жалпы Кыргызстан аймагына жеткирүү талабы менен нааразылык иш-чарасына чыккан. Ал талаптары жазылган кагазын жая электе мурдатан даярданып турган милиция өкүлдөрү келип, чакырыктарын алып койду. Андан кийин Ө. Токтоназаровго райондук прокуратуранын эскертүүсү тааныштырылып, үч мүнөт убакыт берилди. Милиция ага эгерде үч мүнөттүн ичинде кетип калбаса, камакка алынарын эскерткенден кийин акциянын катышуучусу кетүүгө аргасыз болду. Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчилиги бул иш-чарага карата эч кандай мамилесин билдирген жок.

“Азаттык” үналгысынын теледолбоорлору жана радиоуктуруулары 2005-жылдын март айынан кийин жалпы республикага УТРК аркылуу тарай баштаган. Көп өтпөй улуттук телеканал келишимди бир тараптуу бузуп, “Азаттыктын” радио жана телеберүүлөрүн берүүнү токтоткон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG