Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:46

11-класстын окуучулары баланы өлүмгө жеткиргенин мойнуна алышты


Бакай-Ата райондук сотунда шейшемби күнү болуп өткөн соттук териштирүүдө Саадабай уулу Нурактын өлүмүнө катыштыгы бардыгын алты жигит мойнуна алышты. Алар сотто өздөрүнөн кичүү балдарды “тарбиялоо” жана тоноо максатында мектепте “Мужсовет” уюштуруп жүрүшкөндүгүн, Саадабай Нурак уулун ургандыгын айтышып, анын өлүмүнө күнөөлүүбүз деп мойнуна алышты. Алар буга чейин өздөрүнөн кичүү өспүрүм - Нурактын өлүмүнө таптакыр катыштыгы жоктугун айтып келишкен, бул жолу эмне үчүн мурдагы көрсөтмөлөрүнөн тангандыгын сураган сотко адвокаттардын үйрөткөнү боюнча сүйлөп келишкендигин билдиришти. Аягында мамлекеттик айыптоочулар алтоонун ичинен топ башы болуп саналган экөөнө: Даниэль Данияров менен Расул Абдыбековду 10 жылдан эркинен ажыратууну, калгандарын төрт жылдан алты жылга чейин камакка кесүүнү соттон сурады. Кийинки соттук териштирүү ишембиде, 30-январда болот. Анда каза болгон баланын ата-энеси менен айыпталуучуларга акыркы сөз берилет.

Өткөн жылы таяктын уусунан каза тапкан Саадабай уулу Нурактын атасы С. Токтоналиев балдардын күнөөсүн мойнуна алганына өзүнүн тиешеси бар деп эсептейт. Ал буга чейин айыл аксакалдарынын алдында “Эгер балдар мойнуна алса, кечирем” деп сөз бергендигин "Азаттыкка" билдирди. С. Токтоналиев ушул күнгө чейин мектептеги тартипке тиешелүү деңгээлде көз салбай, абалды окуучуларды бири-бирин өлтүрүүсүнө чейин жеткирген мектептин администрациясы жоопко тартылбаганына нааразы. Анын айтуусунда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар алты баланын класс жетекчиси Эркежан Кадыркулова быйылкы окуу жылында мектепте окуу-тарбия завучу болуп иштөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG