Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Ата мекендик согуштун катышуучуларына өмүр бою стипендия чегерилди


Бул тууралуу жарлыкка президент К. Бакиев бүгүн кол койду. Ага ылайык 1941-1945-жылдары болгон Ата мекендик согуштун майыптары, катышуучулары, Ленинградда блокада учурунда иштеген, жашагандарга, фашисттер жана алардын союздаштарынын колунда туткунда болгондорго ай сайын 3000 сомдон стипендия берилет. Бул үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта бериле баштайт.
Президенттин дагы бир жарлыгы боюнча Ата мекендик согуштун 65 жылдык мааракесине карата согуштун катышуучуларына жана майыптарына Ленинградда блокада учурунда иштеген, жашагандарга, фашисттер жана алардын союздаштарынын колунда туткунда болгондорго бир жолу 15 000 сом жөлөкпул берилет. Ал эми согуш учурунда тылдагы күжүрмөн эмгеги үчүн СССРдин орден-медалдарын алгандарга, согушта жубайларын жоготкондорго, согуш учурунда оор иштерге мыйзамсыз, күчтөп тартылгандарга 5 000 сом жөлөк пул берилет.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG