Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Конституцияны өзгөртүү долбоору ЖК күн тартибине кире элек


Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети 26-январда карап, аны Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууну сунуштаган. 27-январда парламенттеги фракциялар да ушундай чечимге келишкен. Бирок мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин бейшемби, жума күндөрдөгү күн тартибине киргизилген эмес. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөсү Ажибай Калмаматовдун билдирүүсүнө караганда, мыйзам долбоору ар тараптан каралып жатат. Ошондуктан күн тартибине киргизилбей турат. Ал эми ушул эле комитеттин бөлүмүнүн адистеринин айтымында, “Президенттик кеңешме” деген сөздү “Мамлекеттик кеңеш” деген сөз менен алмаштырууга мыйзам долбоордун демилгечиси болгон Президенттин макулдугу бериле элек. Белгилүү болгондой Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Президенттин мыйзам долбоорун 21-январда карап, аны негизинен жактырган. Бирок Президенттик кеңешме мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуну аныктайт деген жобого каршы пикирин билдирип, аны башка коллегиялдык орган менен алмаштырууну сунуштаган эле. Ал эми комитет “Президенттик кеңешме” деген сөздү “Мамлекеттик кеңеш” деген сөз менен алмаштырууну сунуштаган.(AiT)

XS
SM
MD
LG