Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Өнүктүрүү фондунун Байкоочулар кеңеши жыйналды


Байкоочулар кеңешинин төрагасынын орун басары Исхак Масалиевдин билдирүүсүнө караганда, бүгүн болгон жыйында Өнүктүрүү фондунун төрагасы Игорь Чудинов фонддун иши боюнча маалымат берди. Чудинов Өнүктүрүү фондуна берилген Россиянын 300 млн. доллар насыясынын 196 млн. доллары иштетилбей турганын, калган каражат Камабар-Ата-2 ГЭСине берилгенин кабарлаган. Чудинов ошондой эле февраль айынан тарта микрокаржылоо долбоору ишке кирерин, андан сырткары иппотека, айыл чарбасын колдоо, лизинг боюнча долбоорлор каржыланат.
Байкоочулар кеңешинин алгачкы жыйынында анын регламенти жана иш планы кабыл алынды. Ага ылайык Байкоочулар кеңеши жылына кеминде эки жолу жыйнала турган болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG