Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Журналисттин өлүмүнө байланышкан иш райсотко жөнөтүлдү


Журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши кайра тергелип, Ноокат райондук сотуна жөнөтүлгөнүн аталган райондун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, мурунку тергөөнүн жүрүшүндө Исанов айыл округунун участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматов, Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу кызматынан аша чаап, басма сөз өкүлүнө кол көтөрүп, саламатчылыгына орду толгус залал келтиргендиги ырасталган. Бирок райондук сот Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышкан териштирүү чала болгондугун белгилеп, кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Ош облустук соту да бул чечимди күчүндө калтырган. Ошол себептүү райондук жана облустук соттордун көрсөткөн каталары кайра тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен оңдолду.

Бул аралыкта жергиликтүү сот айыпталып жаткан милициянын эки кызматкеринин баш коргоо чарасын өзгөртүп, алар үй камагына которулган. Анткен менен маркум журналисттин туугандары Алмаз Ташиевди өлөөрчө сабаган ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн бардыгын бирдей жоопко тартууну жана кылмыш ишин Ноокатта эмес башка аймакта кароону талап кылууда.

Былтыр 4-июлда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон 33 жаштагы журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Бирок мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган. (ATo)

XS
SM
MD
LG