Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Өкмөттүн жыйынында М. Конгантиевге сөгүш жарыяланды


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өткөн жылы Петровка айылындагы улут аралык жаңажал чыкканда кызматынан алынган Москва райондук милициясынын башчысы Жеңиш Жоробековду Бишкек шаардык милициясынын башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындаган. Жаңжал чыккандан кийин Жеңиш Жоробеков кызматында кетирген кемчилиги үчүн Президенттин тапшырмасы менен кызматынан алынган. Ж.Жоробековдун жаңы кызматка көтөрүлүшү айкын болуп калгандан кийин президент К.Бакиев бул маселени карап көрүүнү өкмөт башчы Данияр Үсөновго тапшырган. Бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр министрге сөгүш жарыялады.Жыйында ошондой эле Ж.Жоробековду кызматынан бошотуу сунушталды. (AiT)

XS
SM
MD
LG