Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Эларалык аскер күчтөрү Ооганстандан быйыл чыгарыла баштайт


Бул тууралуу бүгүн Лондондо Ооганстан боюнча өтүп жаткан эларалык конференцияда Британиянын премьер-министри Гордон Браун айтты. “Бул конференция эларалык аскерлердин ооган жеринен акырындык менен чыгарылып, коопсуздукту камсыз кылуу вазыйпасын ооган аскерлерине жана элине өткөрүп берүү үчүн зарыл шартты түзүүнү талкуулайт”, - деп айтты ал. Конференцияга 70тей мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышууда. Бүгүнкү жыйында негизги билдирүүнү ооган президенти Хамид Карзай жасады. “Оогандар бири-бирин колдоп, зордук-зобундан баш тартып, куралын таштаган оогандардын тынч жашоого кайтышын колдошубуз лаазым”, - деп айтты ал. Конференциянын алдынан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Карзай: “Ооганстан эларалык колдоого дагы 15 жыл муктаж болот” деди.

XS
SM
MD
LG