Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Нарын шаарынын ыплас суусунун 75 пайызы Нарын сууга кошулууда


Нарын шаарынын агын түтүктөрү аркылуу суткасына 6 миң куб.метр ыплас суулар атайын тазалоочу жайга куюлуп турат. Бул жай болсо өткөн кылымда курулуп, толук бүткөрүлбөй калган. Натыйжада жылына тазалоочу жайга 12 тонна сульфат, 4-5 тонна азот, нитрат, хлорит жана башка уулуу заттар чогулат. Бирок ал заттардын 25 пайызы гана тазаланат. Береги маалыматты Нарын шаарынын Мэри Алмаз Кулматов ЖМК өкүлдөрү үчүн өткөргөн маалымат жыйында белгиледи. Ушундан улам быйылкы жылы өкмөткө долбоор даярдалууда деген шаар жетекчиси тазалоочуу жайга 1 миллион 250 миң сом сомдук каражат керектигин билдирип, 2010-жыл ичинде жалпысы 375 миллион 489 миң сомдук 47 долбоорду жүзөгө ашыруу аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. (KUs)

XS
SM
MD
LG