Премьер-министр Ларс Лөкке Расмуссендин кеңсеси бейшембиде жарыялаган билдирүүдө «Бурка менен хижабга даниялык коомдо орун жок» деп айтылат.
Билдирүүдө паранжыга толугу менен тыюу салуу сунушталган эмес, бирок бийликтерге ага «мүмкүн болушунча» чектөөгө кеңеш берилет.
Өкмөт аялдарды бурка же хижаб кийип жүрүүгө мажбурлоону мыйзамсыз аракеттердин катарына кошууну, сотто күбөлөрдөн паранжысын чечүүнү талап кылууну жана мектеп, коомдук бийлик, мамлекеттик ишканаларга бул жаатта өз чектөөлөрүн киргизүүгө жол ачууну караган мыйзам долбоорун сунуш этмекчи.