Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:49

ЖК Конституция долбоорун келерки апталарга калтырды


Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент сессиясына келерки апталарда чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрайымы Лейла Сыдыкова билдирди. Муну долбоор фракциялардын, комитеттердин кароолорунан өтүп жаткандыгы, долбоорду кароого парламентке президенттин макулдук бере электиги менен түшүндүрүлүүдө. СДП фракциясы кечээ долбоорго байланыштуу өзүнүн корутундусун жарыялап, анда Баш мыйзамды өзгөртүү долбоорунда олуттуу кемчиликтер бар деп билдирди. Шейшемби, шаршемби күндөрү долбоор комитеттин жана бардык фракциялардын кароолорунан өтүп бүткөн. (BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG