Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Сокулукта малдын шарп ылаңы катталды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Кылыч Досумбетов “Азаттыкка” билдирди. 26-январда Ветеринария боюнча Сокулук райондук башкармалыгы тарабынан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу “Северное” жолдоштук бак өстүрүү чарбасын текшерүүдө Камбаровдун чарбасынан шарп менен ылаңдаган бука катталды. Ылаңдын жайылышын алдын-алуу максатында Ветеринария боюнча башкармалыктын жетекчиси “Северное” жолдоштук бак өстүрүү чарбасы үчүн карантин киргизүү чечимин кабыл алды. Учурда ылаң катталган жерди дезинфекциялоо, малдарды эмдөө иштери жүрүп атат.

Бүгүнкү күнгө Сокулук районуна караштуу айылдарда: Жаңы-Жер, Камышановскаяда – 500, Төмөнкү Чүйдө -200, Ат-Башы – 350, Новопавловкада - 300 бодо мал эмдөөдөн өттү. (EK)

XS
SM
MD
LG